Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 10:45
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбекова Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча катталып, учурда иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында чакыртылган.

Учурда иштин жагдайы аныкталууда. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.