Дубай-Бишкек каттамы менен Бахрейн, Улуу Британия жана Араб Эмираттарынан 122 адам кайтып келди

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 15:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 10-июлда Кыргызстанга «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул рейс менен ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган. Авиабилеттерди сатып алуунун алдында жарандар түздөн-түз авиакомпаниядан Дубайдагы ишке ашырылган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эске алуу керек. Дубай аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарындагы ташып кетүү каттамы учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча иш улантылып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.