Ысык-Көлгө каттаган коомдук унаага чектөө киргизилди

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 16:32
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди. Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт.

«Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20-июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык-эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70% чейин орундуктарды ээлөөсү каралган. Мындан сырткары, 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.