Кыргызстанда жарым жылда 974 жол кырсыгы катталды

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 09:03
0 ой-пикир

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын 6 айды жыйынтыктаган ыкчам кеңешмеси өттү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев катышкан.

Кеңешмеде маалым болгондой, Бишкек шаарында 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында 974 жол кырсыгы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,6%га аз. Алты айдын ичинде жөө жүргөн жаш балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 50%га азайган.

«Ал эми кырсык катталган жерден из жашырып кеткен 244 учур катталып, алардын ичинен 137си издөө бөлүмү тарабынан ачылып, калгандарын издөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, кеңешмеде Милициянын кайгуул кызматынын башка бөлүмдөрүнүн жарым жылдык аткарган иштери тууралуу анализ жүргүзүлүп, баа берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.