Той-аш, такси токтотулат. Баткенде бир катар чектөөлөр кабыл алынды

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 19:38
0 ой-пикир

Бүгүн Баткен облустук штабда облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Алар:

-10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;

-Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;

-Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;

-Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;

-Той же мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;

-Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;

-Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;

-Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштейт.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 8-июлга карата коронавирус жугузуп алган адамдардын саны 193ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.