Президент Бишкекте ачылган күндүзгү стационарга барды. ФОТО

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 18:03
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарында ачылган күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда. Мамлекет башчысы Биринчи май районунунда жайгашкан убактылуу бейтапканага барган.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, илдетти жеңип чыгаарыбызга ишенимин билдирди.

Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.

Дарыгерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи, анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.