Бишкекте заманбап клиника курулат. Президент убадалады

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 19:05
0 ой-пикир

Өлкөдө комплекстүү заманбап оорукананын жоктугу азыркы учурда абдан сезилип жатат. Бул тууралуу 8-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын бирине барганда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы Бишкекте комплекстүү клиника куруларын убадалады.

«Стационарлар — албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы абал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилип жатат. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүлгүдөй комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана салыш үчүн каражат бөлүүгө кызыккан инвесторлор бар»,- деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда куруларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486га жетти. Алардын ичинен 1287си медицина кызматкери. Илдеттен 2983 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 112 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.