Бишкекке Стамбулдан 326 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 13:20
0 ой-пикир

Бүгүн, 8-июлда Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык жаран келди. Алардын арасында жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Белгилей кетсек, Түркия Республикасы тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болду. Аларды чыгарып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген.

Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.