Алтын сатылбайт, эски акчалар алмаштырылбайт. Улуттук банк чектөө киргизди

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 15:10
0 ой-пикир

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизди.

Ведомствонун сайтында кабарлангандай, алтын куймаларын сатуу жана эски акчаларды алмаштыруу токтотулду.

«COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында Улуттук банк эскирип калган акчаларды алмаштырууну жана алтын куймалары менен нумизматикалык баалуулуктарды сатууну убактылуу токтотот. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486га жетти. Алардын ичинен 1287си медицина кызматкери. Илдеттен 2983 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 112 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.