ВИДЕО: Темир Сариев Коопсуздук кеңешинин чечимин кескин сынга алды

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 15:04
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Учурдагы кырдаалга байланыштуу өткөн бул жыйын эч бир маанилүү чечим кабыл албаганын экс-премьер-министр Темир Сариев сынга алды.

Саясатчы «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган видеокайрылууда өлкө абдан оор абалга кабылганын айтып, бийлик кескин кадамдарга барбаса болбой калгандыгын белгиледи.

«Учурда өкмөттө экономиканы ойлогон эч ким жок. Сырттан келген жардамдар айлык акыдан ашкан жок. Ушундай учурда кескин чараларга баруу керек эле. Кыргызстандын «Центерра Голддо» 850 миллион доллар активи бар. Анын 200 миллионун алып, азыр Бишкекте, Ошто бардык шарттарга жооп берген оорукана ачуу керек. Аймактардагы ооруканаларды бардык керектүү медициналык жабдык менен камсыз кылуу зарыл. 200 миллион доллар жатат, биз бул жакта дары-дармек ала албай, элибиз кыйналууда. Ошол акчаны азыр колдонбогондо качан колдонобуз» — деди САриев.

Ошондой эле экс-премьер бул акчанын эсебинен медицина кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү, жардамга муктаж жарандарга даректүү жөлөкпул төлөө, бизнести колдоо зарыл экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ге жетти. Алардын ичинен 1225и медицина кызматкери. Илдеттен 2916 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 99 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.