Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү эпидемиологияык кырдаалдын абалы жөнүндө маселени карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Ж. Исмаилованын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С. Т. Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовдун баяндамалары эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
— коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталган, анын ичинде врачтарга жана медициналык персоналга компенсация жана кошумча төлөмдөрдү төлөө менен байланышкан иш-чараларды өз убагында жана артыкчылыктуу тартипте каржылоону камсыз кылуу;
— стационардык медициналык жардам көрсөткөн бардык саламаттык сактоо уюмдарында жана обсервациялоо жайларында койка-орундарынын санын көбөйтүү;
— зарылчылык келип чыккан учурда бейтаптарды кабыл алуу үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерде, аскердик-талаа госпиталдарында тийиштүү медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык персонал менен камсыздалган кошумча орундарды жайылтуу;
— коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн бардык керектөөлөрдүн эсебин жүргүзүү жана коронавирустук инфекциясы жана ооруканадан тышкаркы пневмония жуккан жарандарды дарылоо үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди жетиштүү көлөмдө артыкчылыктуу сатып алууну камсыз кылуу;
— Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык жарандар тарабынан маскаларды милдеттүү түрдө кийип жүрүү режимин киргизүү боюнча чараларды көрүү. Маска кийүү режимин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган учурда мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартуу;
— 2020-жылдын 8-июлуна чейинки мөөнөттө коомдук транспорттун, соода-базар комплекстеринин, дүкөндөрдүн, кафелердин, ресторандардын жана ишкердиктин башка субъекттеринин иштөөсүнүн бүткүл алгоритмин кайра карап чыгуу. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган учурда ушул ченемдерди жана эрежелерди бузган ишкердик субъекттерин жабуу боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
— коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана терс кесепеттерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылуу;
— калкка натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү менен врачтардын жана медициналык персоналдын ишинин мотивациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөр сунушталсын:
— бардык мамлекеттик стационардык жана көчмө лабораторияларды үзгүлтүксүз электр булактары (генераторлор), реагенттер жана лабораториялык изилдөөлөрдү толук көлөмдө жүргүзүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуу;
— башка жугуштуу оорулардын жана башка оорулардын жайылуу учуруна лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү реагенттердин 6 айлык кол тийгис запасын түзүү;
— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаменти тарабынан ташып келинген пцр-тесттерди, өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун жана эпидемия шарттарында керектелүүчү башка медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди сертификациялоону тездетүү;
— калкка жардам көрсөтүү үчүн мурда түзүлгөн медициналык персоналдын бүткүл резервин ишке тартуу;
— Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте:
Интернет жана телекоммуникациялык байланыш аркылуу амбулаториялык деңгээлде аралыктан консультацияларды берүүнүн жана үйдө медициналык жардам көрсөтүүнүн аракеттүү механизмдерин киргизүү;
коронавирустук инфекциясы жана ооруканадан тышкаркы пневмония ооруларынын белгилери байкалган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы күндүзгү стационарлардын жана ооруканалардын жайгашкан жерлеринин санариптик картасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилерине төмөнкүлөр сунушталсын:
— кызматчылардын максималдуу санын аралыктан иштөө режимине өткөрүү;
— коронавирустук инфекциянын таралышын болтурбоо менен байланышкан учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын региондоруна жана чет өлкөлөргө кызматтык сапарлардын санын чектөө.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкүлөр сунушталсын:
— «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өзгөчө кырдаал режиминин алкагында ишенип берилген аймактарда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө багытталган бардык чараларды көрүү;
— коронавирустук инфекциянын жана башка вирустук оорулардын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүү, анын ичинде бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана сунуштарды так сактоонун милдеттүүлүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жигердештирүү.
- Эс алуу уюмдарынын субъекттерине (курорттор, санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери) төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
— курорттук, туристтик зоналарда жүргөн жарандарга санитардык ченемдерди сактоонун тартиби жөнүндө маалымдоо;
— массалык эс алуу жайларында социалдык аралыкты сактоо эрежелери жөнүндө маалыматтык стенддерди орнотуу;
— жалпы пайдалануудагы бардык жерлерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу;
— курорттук жана туристтик уюмдардын аймагында медициналык маскаларды жана колкаптарды сатуу;
— дезинфекциялоочу каражаттардын бир айлык запасынын болушу жана аймактарды жана жайларды, ар кандай нерселердин үстүнкү беттерин санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык үзгүлтүксүз тазалоо жана дезинфекциялоо.
- Аймактык мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
— Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл буруу менен туристтик жана курорттук зоналарда саламаттык сактоонун потенциалын күчөтүү;
— ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенип:
— коронавирустук инфекцияга тестирлөө боюнча кошумча лабораторияларды ачуу;
— коронавирустук инфекциясына шектүү адамдар үчүн обсервациялоо зоналарында кошумча орундарды уюштуруу;
— шаарларда жана райондордо тиешелүү медициналык жабдуулар жана буюмдар, дары-дармек препараттары жана медициналык персонал менен жабдылган күндүзгү стационарларды уюштуруу;
— туристтик жана курорттук зоналардын аймактык ооруканаларын санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери менен күчөтүү, аларды санитардык транспорт менен камсыз кылуу;
— медициналык буюмдардын жана дары-дармектердин бир айлык запасынын болушун камсыз кылуу.
Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны кечээ, 6-июлда өтүп, ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери катышкан.