Россиядагы кыргызстандыктар Бишкекке кычкылтек концентраторлорун жөнөтүштү

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 10:30
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-июль күнү Бишкекке Екатеринбург шаарынан 218 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Бул каттам менен кош бойлуу аялдар, кары адамдар, Урал Федералдык аймагындагы окуу жайларда окуган кыргызстандык студенттер, Кыргызстанга келип коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган ыктыярчы дарыгерлер жана медайымдар алынып келинди.

Андан тышкары Россияда иштеген мигранттар Кыргызстандын медициналык мекемелери үчүн жалпы суммасы 4,3 миң долларга кычкылтек концентратору, глюкометр жана жеке коргонуучу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардамын берип жиберишкен.

“Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.