Пандемия, шайлоо, Матраимов… Соцтармактарда эмне кеп?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 07 Июл 2020 16:43
0 ой-пикир

Кубанычбек Оморбеков — атайын Elgezit.kg үчүн

Биздин күнүмдүк жашообузга күтүүсүздөн кирип келген эпидемия коомчулукту дүрбөлөңгө салып, баарыбызга тиешелүү болгон башка маселелер экинчи планга жылып калды. Көпчүлүктү эпидемия маселеси кооптондуруп жатканда башка маселелер тууралуу ойлонуу туура эмес. Социалдык тармактардагы реакция мына дал ушундай.

Бирок маанилүү нерселерди да унутта калтырбашыбыз керек дегендер да жок эмес.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтмөй болду. Өлкө башчысынын жарлыгы чыкты, анда бул маанилүү саясий иш-чаранын мөөнөтүн жылдыруу же өткөрүү тартибин өзгөртүү тууралуу бир дагы пункт жок.

Жарлык чыккан соң албетте, көпчүлүктө суроо туулду. Илдет күч алып турганда, коронавирусту жуктургандар күн санап көбөйүп жатканда планды өзгөртүү керек эмес беле деп суроо салгандар аз эмес.

Көпчүлүк бийлик тарабынан коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучуна кептеген шайлоону өткөрүү чечими адамдык сапатка жатабы деген суроону талкуулашууда.

Ооба, эгерде бийлик шайлоону жылдыра албаса, мындай абалга байланыштуу комплекстүү иштерди жасай албаса, албетте, бизге ал алсыз көрүнөт. Бирок кеп башкада, өлкө башчысы кыргыз элин башкы укугунан ажырата албайт болчу – ал бийликти тандоо.

Өлкөбүз бийликтин маанилүү бутагысыз калбашы керек. Кандай гана жагдай болбосун ушундай прецедент түзүлүп калса, анда башка аракеттердин баары легитимдүүлүгүн жоготот.

Ар бир өлкө пандемия учурунда жарандардын укуктарын жүзөгө ашыруу иш-чараларына байланышкан көйгөйлөрдү өз алдынча чечип жатат. Бирок биз БШКнын жетекчисинин оозунан абал көзөмөлдө болот деген сөзүнөн башка эч нерсе уга алган жокпуз. Экс-премьер-министр дагы бир нече ай мурун дал ушинтип айткан болчу.

Ошондуктан шайлоону өткөрүү чечиминен соң шайлоо учурунда калктын саламаттыгына кандай кам көрүлөрү, кандай корголору тууралуу механизмдер ачык жана түшүнүктүү болушу керек. Тилекке каршы, азыр эч нерсе белгисиз.

«Азаттык» радиосу, Kloop, OCCRP менен биргеликте Райымбек Матраимовго байланыштуу жаңы иликтөө жасашты. Тагыраак айтканда, Матраимовго каражаттардын келип түшүшү боюнча банк операциялары тууралуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты.

Буга Райым Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов социалдык тармактар аркылуу жооп берди. Ал журналисттер коомчулуктун көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатканын жазды. Ал эми иликтөөнүн авторлору эл өкүлүнүн аргументтерин “башаламан” деп аташты.

Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетиш керек, чындыгында эле социалдык тармактардагы реакцияларга карай турган болсок, иликтөөдөгү материалдарда тактык жок жана дал келбөөчүлүктөр көп экени фактыны адекваттуу кабыл алууга тоскоол болууда.  

Бирок биз каалайбызбы же каалабайбызбы бул жолу маселе эки тараптын ортосундагы барган сайын күч алып, курч айтышууга айлана баштаганы байкалууда.

Ал эми тергөөнүн объектиси болгон И.Матраимов атындагы фонддун өзү болсо пандемия учурунда бийликтин негизги жардамчысы болууда. Искендер Матраимов интернеттеги баракчасына 300 орундуу оорукана ачып, медицина кызматкерлери тартылганын, 500 кычкелтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, коргонуучу каражаттар алынып келингенин жазды.

Жалпылап айтканда ата мекендик бизнес, жарандык коом, ыктыярчылар биригип пандемияга жапа тырмак туруштук берүүгө киришти.

Социалдык тармактарда көп талкуу болуп жаткан дагы бир маселе. Эл аралык донорлордон келген каражаттар. Алар алчу каражатыбызды алдык. Аткаминерлер каалашынча коротушту деген пикирде. Ошондуктан бул жардамды бөлүштүрүүгө тиешеси бар болгон бардык адамдар кийин берилчү суроолоргожооп берүүгө даяр болушу керек. Ал эми азырынча бизде эң башкы убайым – ден-соолукту сактоо болууда.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.