Мэрия: Убактылуу стационарларда төртүнчү бейтап каза болду

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 13:45
0 ой-пикир

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 6-июлга карата күндүзгү убактылуу стационарларга 3436 бейтап кабыл алынды.

Соңку суткада 1 адам, жалпысынан 4 адам каза болду. Илдетке чалдыккандарды 32 дарыгер, 13 ординатор, 63 медициналык кызматкер, санитардык кызматкерлер жана ыктыярчылар кабыл алып жатышат. 

Жеке ишкерлердин колдоосу менен ар бир стационарда кислороддук концентранттар орнотулган. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 10, «Газпром»  мекемесинде 8, Чыгыш-5 районундагы стационарда 10, «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасында — 9 аппарат орнотулган. 

Эгерде жарандар оорунун жеңил түрүнө чалдыгып, укол же тамчылатма алууга, дарыгердин кеңешине муктаж болсо, стационарга кайрыла алышат. Иш убактысы саат 08:00дөн  кечки саат 20:00гө чейин. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын 4 районунда убактылуу күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Анда коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптар келип, күндүз медициналык жардам алып жатышат. Бирок, дарысын жана уколдорлу бейтаптардын эсебинен болууда.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.