Өлкөдө коронавируска кабылгандардын 42%ы Бишкек тургундары, — мэр

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 17:25
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Азиз Суракматов коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 3434 адамдан лабораториялык жол менен тастыкталганын, республика боюнча ооругандардын жалпы санынын 42%ын түзөрүн билдирди.

Азиз Суракматов борбор калаада коронавирус инфекциясы менен ооругандар үчүн ар кайсы мекемелердин базасында кошумча койко-орундар уюштурулгандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, борбор шаардын бардык райондорунда 4 күндүзгү стационар ачылды, 3 миңден ашуун жаран медициналык жардам жана консультация алышты. Саатына 220 адамга чейин тейлей ала турган дагы мындай 250 орундуу 5 стационар ачуунун үстүндө иштер жүрүп жатат.

Ошону менен бирге ооругандар көп болгон жерлерге дагы 5 кошумча күндүзгү стационар ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бишкек шаарынын мэринин маалыматы боюнча, тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда.

Сооронбай Жээнбеков кырдаалга иштиктүү анализдин жоктугуна көңүл буруу менен, борбордогу бардык медициналык мекемелердин абалын, анын ичинде адистердин резервин иликтөө зарылдыгын билдирди.

Мамлекет башчысы бардык кайрылгандар өз маалында медициналык жардам менен камсыздалышы керектигин өзгөчө белгиледи.

«Бул маселеде айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек», — деп баса белгиледи Президент жана колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланууга, күндүзгү стационарлардагы узун кезектерди азайтуу үчүн кошумча ресурстарды тартууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга чакырды.

Мамлекет башчысы ооруканаларды күзгү-кышкы эпидемиологиялык кырдаалга даярдоонун, врачтарды кошумча транспорттор менен камсыз кылууда жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.

Мэриянын тез жардам унааларынын жетишсиздиги боюнча суроо-талабына карата президент Республикалык штабга маселе буга чейин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн линиясы аркылуу карап чыгуу сунушталгандыгын эске салды. Аталган маселе боюнча конкреттүү сунуштардын киргизилүүсү күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы ошондой эле ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилген тармактар боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мэрдин көңүлүн коомдук транспорттогу санитардык ченемдердин сакталбай жатканына бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өндүрүш ишканаларын колдоо, жарандык коом жана ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кайрылуулары боюнча тыгыз байланыштын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.