2020-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 1 миң 27 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 1478 өрт катталган), өткөн жылга салыштырмалуу 30,5% азайган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттөн келтирилген материалдык чыгымдар 154 млн сомдон ашкан (2019-жылы 260 млн сомдон ашык — 40,7% азайган). Өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап (2019-жылы 28 адам), жана 15 адам жабыркаган (2019-жылы 34 адам – 55,9%га азайган). Анын ичинде 2 жаш бала (2019-жылы 4 жаш бала).
Өрттөрдүн негизги себептери:
-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 447 (43,5 %),
-отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 168 (16,4 %),
-мештерди этиятсыздык менен колдонууда – 133 (13 %),
-балдардын от менен ойноосунан – 56 (5,5 %).
Өрттөр болгон негизги объектилер:
-турак жай сектору – 650 (63,3 %),
-унаа, гараж, турук (стоянка) – 134 (13 %),
-кампалар, соода бөлмөлөрү – 64 (6,2 %),
-ачык аянттар – 47 (4,6 %).
Болуп өткөн өрттүн бөлүнүшү:
Чүй облусунда – 262 өрт;
Бишкек шаарында – 175;
Жалал-Абад облусунда -138;
Ош облусунда -132;
Ысык-Көл облусу – 121;
Нарын облусунда -43;
Талас облусунда – 54;
Ош шаарында – 27;
Баткен облусунда – 75 өрт катталган.