Кыйналган элден пайда көргөн фарм-компаниялардын жетекчилерине иш козголду

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 15:21
0 ой-пикир

Бишкектеги бир нече ири фармакологиялык компаниялардын  жетекчилерине карата сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) билдиришти.

Маалыматка караганда, Финпол дары-дармектерди жана медициналык препараттарды негизсиз кымбат сатышына каршы рейд жүрүп жатат. Анын натыйжасында препараттардын баштапкы наркынан бир нече эсе жогорулатып саткан фактылар аныкталган.

«Кымбат баада сатып жаткан дарыкана ээлери менен аңгемелешүү өткөрүлдү. Айрымдары бааны дары ташыгандар жогорулатып жибергенин айткан. Мындан сырткары, Финполго «Коорупцияга каршы коому» жана «Демилгелүү жаштар борбору» даттануу менен кайрылган. Алар дары ташыган ири фарм-компаниялар бааны негизсиз жогорулатып жана жасалма түрдө дефицит жаратып жатканын билдирген. Бул боюнча териштирүү башталды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле азыркы тапта бааны жөнгө салуу боюнча бир катар иш-чаралар жүрүп жатканы белгиленди. Прокуратура жана соттун санкциясы менен фарм-компаниялардын биринчи бухгалтердик документтери алынат.

«Ошону менен бирге Финпол кырдаалга карап мыйзам бузган фарм-компаниялардын жана дарыканалардын толук аталышын жарыялай турганын эскертет. Өлкөдө эпидемиологиялык абал чыңалып турганда өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кырдаалдан кимдер пайдаланып жатканын эл билиши керек», — деп эскертти Финпол.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, учурда левофлоксацин, азитромицин, физраствор, ингаверин, арбидол, гропринасин, авипромицин, эргаферон, анаферон, цевтриакцион, асма уколдун системасы, кычкылтек жаздыгы, парацетомол, кардиомагнил, тромбо асс, фраксипарин дарыларына суроо-талап жогору болууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.