Шайлоо-2020: дагы 4 партия саясий өнөктүккө катышуу ниетин билдирди

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 16:39
0 ой-пикир

Бүгүн, 6-июлга карата дагы төрт саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, «Мекен Ынтымагы», «Ордо», «Бирик» жана «Бийлик элге» саясий партиялары расмий билдирүү ташташты.

Белгилей кетсек, мыйзамдын талабына ылайык парламенттик шайлоо дайындалган күндөн баштап беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Шайлоого катышуучу партиялар БШК менен кошо партиянын добуш берүүчү документтерде колдонулуучу кыскача аталышын жана логотибин макулдашууга тийиш. Андан кийин бул белгилер шайлоого чейин өзгөртүлбөйт.

Буга чейин парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга «Ата-Мекен» жана «Мекенчил» партиялары кайрылган.

Жалпысынан, 6-июлга карата парламенттик шайлоого катышуу ниетин 6 партия билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.