Каратаев: Россияда иштеген 23 кыргыз дарыгери жардамга келди

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 10:38
0 ой-пикир

Кечээ, 5-июль күнү коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан 23 кыргыз медицина кызматкери келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Кечээ Россиядан 23 медицина кызматкери келди. Алар Кыргызстанда туулуп-өсүп, билим алып, Россияга барып иштеп жаткан, Россиянын атуулдугун алган жарандар. Алар Кыргызстандагы абалды түшүнүп туруп, кайдыргер боло албай келип жатышат. Бүгүн Улуттук госпиталда пневмония менен ооругандар үчүн 200 орундук жаңы бөлүм ачылып жатат. Алар ошол жерде иштешет. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз”, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал, мындан сырткары, 106 медицина кызматкери өлкөнүн ар аймагынан келип борбор калаадагы кесиптештерине жардам берип жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 314 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 7691ге жетти. Коронавирус жуктурган 82 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.