Бишкекте почта бөлүмдөрү бир жумага жабылат

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 19:36
0 ой-пикир

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү бир жумага жабылат.

Борбор калаанын мэриясы таркаткан маалыматка ылайык, вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү почта бөлүмдөрүндө профилактика иштери жүрөт.

«Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон «Бишкек почтамт» бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт», —  деп айтылат маалыматта.

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

-почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;

-бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;

-почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;

«Кыргыз почтасы» ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.