«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү бир жумага жабылат.
Борбор калаанын мэриясы таркаткан маалыматка ылайык, вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү почта бөлүмдөрүндө профилактика иштери жүрөт.
«Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон «Бишкек почтамт» бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:
-почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
-бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
-почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
«Кыргыз почтасы» ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.