Бишкекте кошумча 8 тез жардам бригадасы түзүлдү

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 12:35
0 ой-пикир

Бишкек шаарында кошумча 8 тез жардам бригадасы түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда тез жардам кызматына байланыша албай жатканын айтып, жарандар нааразычылыгын билдирүүдө.

!Биз кошумча 8 тез жардам бригадасын түздүк. Ошондой эле “Гансиде” атайын эки унаа уюшулган. Ал бардык медициналык жабдыктар менен жабдылган. Эгер бейтаптын абалы кескин түрдө начарлай турган болсо, анда аны тиешелүү мекемеге жеткирет», — дейт министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган 314 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ди түзөт. Алардын ичинен 2843 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Ошол эле учурда бир күн ичинде дагы 18 адам пневмониядан каза болду. Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 195ке жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.