21 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди. Тизме

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 22:07
0 ой-пикир

6-июлга карата 21 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү тапшырышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого төмөнкү партиялар катышууга ниеттенип жатышат:

1. «Ата-Мекен»

2. «Мекенчил».

3. «Бирик».

4. «ОРДО».

5. «Мекен Ынтымагы».

6. «Бийлик элге».

7. «Чоң казат».

8. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы».

9. «Элдин биримдиги».

10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

11. «Актив».

12. «Кыргызстандын жумушчу партиясы».

13. «Республика».

14. «Кыргызстандын Агрардык партиясы».

15. «Бир Бол»

16. «Демократ».

17. «Улуу Журт».

18. «Кыргызстан жашылдар партиясы».

19. «Эмгек» партиясы.

20. Социал-демократтар.

21. «Бүтүн Кыргызстан».

Белгилей кетсек, мыйзамдын талабына ылайык парламенттик шайлоо дайындалган күндөн баштап беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.