ВИДЕО: Эстрада жылдыздары медиктерди кесиптик майрамы менен куттукташты

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 14:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 5-июлда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгеленүүдө. Өлкө боюнча бардык кыргызстандыктар ак халатчандарга таазим кылып, куттуктоолорун айтышууда.

Алардын арасында шоу-бизнес өкүлдөрү тагыраагы, ырчылар Айдана Дека, Аваз Акимов, Анжелика кыздары менен, Канат Деркембаев, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, Толгонай Арзыкеева, Милана Сариева, Тамга жана Актан Рыскелдиев, Эрмек Таалайбековдор баш болгон актёр, шоумен, тамашоучулар бар.

«Бардык дарыгерлерге жана укук коргоо органдарына терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздин ишиңиз жана бизди коргогонуңуз үчүн, биз үчүн уктабаган ар бир түн үчүн, элдин саламаттыгы үчүн күрөшкөнүңүз үчүн, адамдардын ден соолугуна кам көргөнүңүз үчүн, “элим, жерим, мекеним” деп кызмат кылганыңыз үчүн, берген убадаңызды, антыңызды аткарганыңыз үчүн, патриоттуулук үчүн, жардам бергениңиз үчүн, чыдамдуулук жана мыйзамга баш ийгендигиңиз үчүн, элибиздин тынчтыгы жана аманчылы үчүн талыкпай эмгектенип жатканыңыздар үчүн терең таазим!

Кыргызстан күчтүү эл, андыктан баарыбыз бириксек бардык кыйынчылыктарды жана жаман илдеттерди жеңебиз»- дешет шоу жыллдыздары.

View this post on Instagram

Друзья если хотите поздравить медиков , то отправьте на ЭЛСОМ кто сколько может 🙏 Тем самым мы им сможем купить на эти деньги защитные костюмы , нужные лекарства 😍🙏 0222 121212 ЭЛСОМ @anjelika_kairatovna_official ❤️ Мы со своей стороны тоже каждый день отправляем ! Отчёты смотрите у меня в сторис 🙏 И конечно поздравьте тут в комментариях тоже 😍🙏 Спасибо коллегам за поддержку 🤲😘

A post shared by Айдана Дека👩🏻‍🎤 (@aidana_deka_official) on

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.