Бишкекке Москвадан 424 адам учуп келди. Арасында медицина кызматкерлери бар

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 17:24
0 ой-пикир

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарына Москвадан 424 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын жарандары «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Бул каттам менен ошондой эле Россияда иштеген кыргыз дарыгерлери COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөштө Кыргызстандагы кесиптештерине жардам берүү үчүн учуп келишти.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

«Чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдирет министрлик.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.