Алкыш жана таазим! Ден-соолук сакчылары майрамыңыздар менен!

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 10:08
0 ой-пикир

Бүгүн 5-июль — медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Адамдын ордун, кесиптин кадырын башка кыйынчылык түшкөндө сезесиң дегендей, учурда башыбыздан кечирип жаткан оор мезгилдин негизги жүгүн ак халатчандар көтөрүп жатат. Өмүрүнө болгон коркунучка карабай, жакындарын айлап көрбөй, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү  күрөшүүдө. Бир берген антына бекем туруп, милдеттерин бийик жоопкерчилик менен аткарып жаткан кези.

Сиздердин кесипке берилгендигиңиздер, эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен таазим кылабыз! Таза ниет, ак эмгегиңер үчүн алкышыбызды билдиребиз.

Elgezit.kg редакциясынын жамааты бүгүнкү кесиптик майрамыңар менен куттуктап, Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайт!

Ак халатчан дарыгерлер  ар бирибиз үчүн — илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер ар дайым жакшылыкка жол ачып келгенсиздер. Андыктан жакшылык жамандыкты сөзсүз жеңет!

Ден соолуктун сакчылары бар болуңуздар! Аман болуңуздар!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.