Ырчы жана обончу Тургуналы Нурматов дүйнө салды

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 19:10
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы жана обончу Тургуналы Нурматов каза болду.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Нурматов акыркы жылдары инсульт алып, катуу ооруп жүргөн. Соңку айларда ооруканада комада жаткан.

Муркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында өтөт.

Тургуналы Нурматов ырчы жана обончу катары белгилүү. “Кыргызымдын жигиттери”, “Той ыры” деген сыяктуу элге таралган ырлардын автору.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.