Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлери коронавируска каршы күрөштө жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен мекенине кайтып келишет. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, тобокелдикке карабастан, ак халатчандар ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар да тартылган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жардамга 94 медкызматкер борборго келишти. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.
Видео: Акаков Айбек
Сүрөт: Тимур Саралаев