Сутка ичинде эки бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан — 1 (65 жаштагы эркек киши), Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (74 жаштагы эркек киши) адам көз жумду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус жуктурган 327 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7094кө жетти . Алардын ичинен 2714 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 78 адам каза болду.