Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 08:52
0 ой-пикир

Россия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоочу 30 миң тест-система берди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Бишкекке Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) адистери келген. Алар кыргызстандык дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Улуттук госпиталга жана башка бир катар медициналык мекемелерге барган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.