Кыргызстанга Түркиядан 237 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 17:49
0 ой-пикир

Кыргызстанга Түркиядан 237 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Биздин жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке учуп келишти», — деп билдиришти КР ТИМден.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.