Экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев пневмония менен ооруканага түштү

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 18:16
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев да пневмония диагнозу менен ооруканага түштү. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«УКМКнын тергөө абагына барып келгенден бир нече күн өткөндөн кийин алсырап, муундарым ооруп, денем ысый баштаган. Кечээ эки өпкөм тең пневмония болгондуктан, ооруканага жаткырышты», — деп жазган Сеид Атамбаев.

Анын айтымында, ооруну ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына кирип чыккандан кийин жуктуруп алган.

Бул билдирүүгө атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки өпкөсүнөн тең пневмония болгону айтылып, ооруканага 30-июнда которулган. Атамбаевдин жакындары «илдет ага тергөө абагында атайылап жугузулду»​ деп, бул үчүн бийликти күнөөлөштү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.