Кыргызстанда 4-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 327 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 149 адам. Чүй облусунда 65, Жалал-Абад облусунда 8, Ош шаарында 45, Баткен облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 17, Ош облусунда 8, Нарын облусунда 22з жана Талас облусунда бир адам.
Илдеттен дарыланып жаткан 59 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыгып кетти.