Бүгүн АКШнын Эгемендик күнү

Аалам, Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 14:53
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-июлда, Америка Кошмо Штаттары Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө. Эгемендүүлүк күнү АКШнын негизги мамлекеттик майрамы. Ал 1776-жылдын 4-июлунда Көзкарандысыздык Декларациясынын кабыл алынышынын урматына белгиленет.

Коронавирус пандемисына байланыштуу негизги иш-чара — парад жана майрамдык салтанаттар быйыл өтпөй калды. Ал эми америкалыктар үйлөрүндө АКШнын мамлекеттик желегин илүү салты сакталып калды.

Майрамдын урматына президент Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трампты Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем.

Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Дональд Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.