Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн
Кыргыз парламентине болгон кезектеги шайлоо эч нерсеге карабастан өтөрү мурда эле белгилүү болгон. Алдыда күтүлүп жаткан кампаниянын картинасы өз ордун ээлеген, аны бийлик баш болуп, коомчулук төш болуп биргеликте тартып жатышат.
Балким баары бул шайлоодон кандайдыр бир үмүт шооласын күтүп жатышкандыр. Экономикадагы көйгөйлөр, жарандардын бийликке болгон ишениминдеги кризис, башкаруу системасынын эффективдүүлүгүнө ишенбөөчүлүк шайлоонун өтүүсүн талап кылгандай.
Мындан сырткары, өлкөнүн мыйзамында дагы эгерде кандайдыр бир форс-мажордук абал болбосо шайлоонун өтпөй калбоосу керектиги жазылган.
Күн сайын күч алып жаткан коронавирус эпидемиясы саясий кампания үчүн тоскоолдук эмес. Президент депутаттардын алдында сүйлөп жатып эч кандай өзгөчө абал киргизилбей турганын, себеби өлкө экономикасы аны көтөрө албастыгын айтты.
Ошентип шайлоону өткөрүү тууралуу жарлык да чыкты. Эми биз жаңы реалдуулук менен жашайбыз – өлүмгө жеткирип жаткан вирус менен ооругандардын саны саат санап өсүп жатканы тууралуу реалдуулук жана бир жагынан шайлоо алдындагы саясий оюндар.
Бул эки факторду кантип бирге алып кетүү керек деген суроо туулат. Албетте, COVID – 19 баарынын планына өзгөртүүлөрдү киргизди, баары биз каалагандай, биз ойлогондой болот деп айта албайбыз. Эми алдыдагы айлар үйдө, обочолонуп отуруу мезгили болбой турганы түшүнүктүү, себеби шайлоонун шарапаты менен жолугушуулар, партиялардын штабдарынын ишин уюштуруу, талапкерлер менен сүйлөшүү, съезддерди өткөрүү, конференцияларды уюштуруу сыяктуу иштер аралыктан жасалбайт. Андан соң 2 айдан кийин үгүт иштери башталат, шайлоочулар менен жолугушуулар болот дегендей.
Мындан сырткары, ар бирибиздин жеке иштерибиз, үй-бүлөлүк пландарыбыз бар.
“Оюндун эрежелеринде” кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу же эмне болсо ошол болсун деген баягы эле жоопкерчиликсиз мамиле күтөбү? Азыр биз зарыл болгон нерсе менен каалаган нерсебиздин, ден-соолук менен амбициянын ортосундагы тең салмактуулукту табышыбыз керек. Себеби ден-соолукту тобокелге салып коюу туура эмес.
Учурда бийлик бизге азыркы чындыкты кабыл алууну гана эмес, азыркы абалда чындыкты түзүүдө кыйынчылыктарсыз жана толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылуусу керек.
Биз бул айды унчукпай, алапайыбызды таппай өткөрүп жибербешибиз керек. Себеби жайдан соң жаанчыл күз, кычыраган кыш келет.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.