ВИДЕО: Темир Сариев президентке курч кайрылуу жолдоду

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 11:09
0 ой-пикир

Экс-премер-министр Темир Сариев эпидемиологиялык курч абалдан чыгуунун жолун сунуштады. Ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Коопсуздук кеңешин чукул чакырып, чечкиндүү чечим кабыл алууну өтүндү. 

«Февраль айынан баштап өкмөт даярдык көрүп баштады, андан кийин карантин жарыяланды. Мунун баары туура, туура эмес дегенибизге акыбыз жок. Ошондон бери медициналык кызматкерлер эртеден кечке чейин иштеп жатышат. Азыр 1000ге жакыны сыркоолоп калды. Азыр баардык маселе каражатка келип такалып калды. Ооруканалар, аппараттар жетишпейт жатат. Биз сырттан каражатты карызга алып жатабыз. Бул каражаттар бюджеттин жыртыгын бүтөгөнгө гана кетет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги берген билдирмеде 1,8 млрд сом керектиги көрсөтүлгөн.  Анын ичинде 300 аппарат муктаж экен. Биз ооруканаларды даярдадык дейбиз, бирок 30 орунга бир медициналык кызматкер туура келип атса, анда ал оорукана эмес. Бирок, азыр биз сындабай, өкмөткө жардам беришибиз керек. Бирок, өкмөт жана президент дагы чечкиндүү болушу шарт. Эмне үчүн бүгүн республикалык штабды жетектегенге биринчи вице- премьерге берип коюшту, ал ишти билбейт да. Башка мамлекеттерде штабды президент өзү жетектеп жатат.  Бизде чечкиндүүлүк, жоопкерчилик жетишсиз болууда», — деди ал. 

Ошондой эле, ал сырттан жардам катары келген 291 млн доллардын ичинен Саламаттыкты сактоо министрлиги муктаж болуп жаткан 20 млн долларды бөлсө болмок. 

«Министрлик 1,8 млрд сом керек экенин көрсөтүптүр. Ал 20 млн доллар болот экен, сырттан келген 291 млн доллардан эмне үчүн 20 млн долларды бөлүп, кычкылтек аппараттарын алып койгон жокпуз? 3 айдын ичинде 100 орундуу реанимация кылып койсо болот эле. Элибиз ооруканаларга бара албай жатат. Барса, орун жок болууда. Орун тапса, аппараты жок кыйналууда. 

Мен президентке кайрылам: Коопуздук кеңешин чукул чакырып, чукул чечим кабыл албасаңыз, биз кечигип жатабыз. Сары майдай сактап жүргөн Улуттук Банктагы акчабыздан эмнеге 20 млн доллар бөлүп, аппарат албайбыз? Муну чечсе болот да. Ички резервдеги акча бар, ошону иштетсе болот», — деди Темир Сариев. 

Булак: Чындык Медиа

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.