CОVID-19: Баткенде эң жогорку көрсөткүч жана алгачкы өлүм катталды

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 15:03
0 ой-пикир

Баткен облусунда коронавирус жуккандардын арасынан бир сутка ичинде катталгандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүч катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдиргендей сутка ичинде COVID-19 инфекциясы аймактын 19 тургунунан табылган.

Жаңы аныкталган 19 учурдун алтоо Лейлек районунан, бешөө Баткен шаарынан, үчөө Кызыл-Кыя шаарынан, үчөө Кадамжай районунан, экөө Сүлүктү шаарынан. Жалпысынан Баткен облусу боюнча ушул тапта вируска 127 киши чалдыкты.

Ошондой эле коронавирус илдетинен Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы тургуну каза болду. Бул илдетке байланыштуу Баткен облусунда катталган алгачкы жоготуу болду.

Андыктан, кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү коронавирус эпидемиясына байланышкан акыркы жагдайды эске алып, айрым чектөөлөрдү киргизди.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин Кыргызстанда коронавирус 6767 адамдан табылды. Алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.