Ак халатчандарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Тизме

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 19:04
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Аалиев Гулжигит Кенжекараевич   —       Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;

Марипов Асамидин      —       Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;

«Даңк» медалы менен:

Джумаканова Айгуль Бейшебаевна         —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун начальниги;

Кабылова Бегим Доолотовна —       Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Мадраимова Гулийпа Гапыровна    —       Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;

Берилсин:

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:

Бектенова Тамара Тойчуевнага      —       Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;

Голощапова Галина Николаевнага  —       Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;

Жаркынбаева Бурулбүбү Айтмамбетовнага      —       Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;

Жоробаев Үсенкул Салиевичке      —       Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;

Касмалиева Калбүбү Кемеловнага  —       Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Калмамбетова Гульмира Исмаиловнага   —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;

Кыргызбаева Атыркүлгө       —       Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;

Мамбетов Малик Кусеиновичке     —       Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Масымбаева Элмира Бакасовнага   —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;

Мурсалиев Асадилло Юлдашевичке        —       Жалал-Абад облусунун С. Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Насиров Абдымомунга —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;

Рыскулбекова Айнагуль Байсаловнага     —       Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;

Рыспекова Гульнара Асанаевнага   —       Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

Сагындыкова Чолпон Аксаккоевнага      —       Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;

Сыдыкова Фариса Аскеровнага      —       Бишкек шаарынын № 14 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;

Тойтонов Исламбекке  —       Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Турдуматова Акшоола Болотбековнага   —       Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абдураимова Жанна Сулаймановна        —       Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;

Акматова Айнура Бектургановна   —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги;

Ашыралиева Дамира Омурзаковна —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;

Бакирова Зарина Убайдуллаевна    —       Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;

Бектурганов Улукбек Бектурсунович      —       Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;

Галбаев Нурлан Басытович   —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;

Жороев Акжол Осмоналиевич       Баткен облусунун Лейлек райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

Исабекова Назира Сагынбаевна      —       Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Исманалиева Диларахан Айдаровна        —       Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна        —       Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;

Калдыбаева Айнек Сетенбаевна      —       Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;

Кучук Татьяна Энверовна     —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;

Мамажанов Дилшод Бахтиярович  —       Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;

Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна      —       Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;

Сооронбаева Эркингүл Жусуповна —       Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;

Тойлубаева Рахат Мискинбаевна    —       Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;

Чоробаева Нургүл Тургунбаевна    —       Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;

Шерматова Мастура Умирзаковна —       Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;

Эсенгельдиева Гульбарчын Муратовна    —       Бишкек шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы.

Белгилей кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Мындан сырткары, бир нече дарыгер көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.