ВИДЕО: Мирбек Атабеков 2 дем алдыруучу жабдууну сатып алууга акча которду

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 16:40
0 ой-пикир

Дүйнөнү титиреткен короновирусту жеӊүүгө элибиздин далай белдүү уул-кыздары өз салымдарын кошуп жатышкан мезгил. Айрымдары өздөрүнө таандык тойканалар менен мейманканаларды ооруканаларга пайданалууга беришти.

Ал эми белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков эки кислороддук аппарат сатып алууга акча которду. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасы билдирди.

«Адыл мырза 70ке жакын кислороддук аппарат сатып алууга каражат чогултуптур. Алар азыр буйрутма кылып жатышат. Биз Кыргызстанга 2000ден ашык аппарат алып келе аларыбызга мен ишенем. Кыргызстанда 100 миң эмес, 100 миң доллар бөлүүгө кудурети жеткидей байлар көп. Мындай оор абалда жарандарга жардам берип коюңуздар, байкелер. Өзүмдүн атымдан эки кислороддук аппарат сатып алууга каражат жибердим. Мындай оор абалда биз биримдик менен гана бул ооруну жеңебиз», — деди Атабеков.

View this post on Instagram

🙏🏻 @adylbekasanov

A post shared by Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov) on

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.