Өткөн сутка ичинде төрт бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 71 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 70 жаштагы бир эркек, Кочкор аймактык ооруканасында 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек бейтап көз жумду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түзөт. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.