Кыргызстанда 2-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 526 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 6 миң 261 адамга жетти.
«Жаңы катталган 526 учурдун ичинен жети учур сырттан келген (1,3%), ал эми 519 адам (98,7%) тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор», — дейт ал.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;
— Бишкек шаарында – 211
— Чүй облусунда — 231
— Ош шаарында — 19
— Ош облусунда — 6
— Нарын облусунда — 3
— Жалал-Абад облусунда — 27
— Талас облусунда — 1
-Ысык-Көл облусунда — 10
— Баткен облусунда — 18 адам.