Өлкөдө абал курч. ЖОЖдордун жатаканалары бейтаптарды жаткырууга колдонулат

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 15:23
0 ой-пикир

Бүгүнкүдөй курч абал улана турган болсо, анда жогорку окуу жайлардын жатаканалары бейтаптарды жаткыруу үчүн колдонулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунун жанындагы «Ганси» авиабазасынын аймагында 600 орундук даярдалды.

“Учурда ал жерде 224 бейтап жатат. Бүгүн 2 блокко жарандарды жайгаштыра баштадык. Дагы 6 блокту даярдап жатабыз. Бүгүнкүдөй абал улана турган болсо, жогорку окуу жайлардын жатаканалары бейтаптарды кабыл ала баштайт. Медицина академиясынын жатаканасында 351 орундук, Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин жатаканасында 150 орун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында дагы орундуктар даярдалды”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жуккан жаңы 526 учур катталып, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ге жетти. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Ошону менен бирге өлкөдө кийинки күндөрү пневмония менен ооругандар кескин көбөйдү. Март айынан бери коронавирус деген диагноз коюлган 66 бейтап, ал эми пневмония менен жаткырылган 97 бейтап кайтыш болду.

Акыркы суткада пневмония оорусунан 17 бейтап көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.