Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы тойканасын оорукана үчүн колдоонууну сунуштады

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 14:23
1 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков өзүнө караштуу тойканасын коронавирус жугузуп алган бейтаптарды жаткыруу үчүн убактылуу оорукана катары пайдаланууга сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.      

«Урматтуу туугандар өлкөнү каптаган пандемияга каршы туруу максатында, мамлекетибизде ооруканаларда орун жетишпей жаткан болсо 300 оорундуу «Карагат» тойканасын берүүгө даярмын! Болгону дарыгерлер керек» , — деп жазган  Базарбай Мусабеков. 

Бул сунуш коомчулук тарабынан колдоо таап, башка аткаминерлер да илдетке каршы күрөшүүдө өз салымдарын кошууга чакырыктар болуудаэ

Белгилей кетсек, учурдагы эпидемиологиялык абал курч болгондуктан Бишкекте ооруканаларда орундун жетишсиздиги байкалууда.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды. Бишкекте Covid-19 инфекциясынын жуктуруп алгандардын сагы 2 миңден ашты.

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы тойканасын оорукана үчүн колдоонууну сунуштады” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.