ЖАМК: Абактагыларды кармоо жана аларга жолугуу боюнча өзгөчө режим киргизилди

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 14:08
0 ой-пикир

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын кескин түрдө жайылышы, эпидемиялык абалдын курчушун эске алып төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Коронавирустук инфекциянын жайылып кетүү коркунучун жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, вирустун жаза аткаруу мекемелеринде жайылышына жол бербөө максатында, “Шектүү жана айыпталган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде камакта кармоонун өзгөчө режими киргизилген. 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын буйругуна ылайык, ПЦР анализинин терс натыйжалары болгондо, түрмөлөрдө отурган адамдар менен жолугушууларга жол берилет. Бул талап Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жайларына барууну каалаган адамдардын бардыгына жайылтылат. Бирок, буга карабастан, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде кармалган адамдардын коопсуздугу үчүн, бардык жарандарды убактылуу жолугушуулардан баш тартуусун өтүнөбүз. Ушуга байланыштуу, пенитенциардык кызматтын мекемелеринде соттолгондор үчүн туугандары менен видео байланышты түзүү үчүн шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде кармалган жарандарга азык-түлүк жана башка эң керектүү заттарын берүү атайын тартипте жүргүзүлө бермекчи.

Бүгүнкү күндө пенитенциардык кызматтын бардык мекемелеринде пенитенциардык мекемелердин аймагында вирустук илдеттин жайылышына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары улантылууда. Бардык кызматкерлерди жана аскер кызматчыларын, ошондой эле пенитенциардык тутумдун мекемелеринде кармалып турган адамдарды күн сайын, эртең менен жана кечинде термикалык сүрөттөр текшерип турат, медициналык маскалар жана антисептиктер менен камсыз кылынган.

CОVID-19 профилактикасы боюнча көрүлгөн чараларга жана белгиленген мөөнөттөргө каршы атайын контингент каршы эмес, тескерисинче, алар түшүнүү менен мамиле кылып, жатакана бөлмөлөрүн жана аймактарын дезинфекциялоого катышышат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-июнуна карата пандемия учурунда ЖАМК кызматкерлеринин арасында COVID-19 инфекциясынын 16 учуру катталган, алардын ичинен ЖАМКнын эки кызматкери учурда ведомстволук ооруканада дарыланып жатышат, аскер кызматынын бир мүчөсү Республикалык Жугуштуу ооруканада доктурлардын көзөмөлүндө. Ал эми калган кызматкерлер үй карантининде. 

Учурда жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде кармалып турган адамдардын арасында коронавирус инфекциясы чалдыккан бир дагы учур катталган жок.

«Бардык кабыл алынган чечимдер жана жүргүзүлүп жаткан иш чаралар калктын саламаттыгы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн эң зарыл деп эсептейбиз. ЖАМКнын эмгек жамааты эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн сотторлуучулардын жакындарынан кечирим сурайбыз. Кырдаалга байланыштуу туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз жана бардыгыңыздарды сабырдуулукка чакырабыз», – деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.