Жай ортосунда жааган кар зыян алып келген жок

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 08:50
0 ой-пикир

Быйылкы жай Кыргызстанда жаанчыл болуп, тоолуу райондордогу эл жайлоого эми эле көчүп барганда кар жаады.

Анын калыңдыгы – тоолуу делген Кара-Кулжа районунун жайлоолоруна 10-15 см.дей болсо, Алай районунда 20 см.ден өттү. Мындай кырдаалдан кийин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарыл болгон алдын алуу чараларды көрүүнү уюштурду.

Кара-Кулжадагы Кызыл-Жар, Алайкуу, Ой-Тал айыл өкмөттөрдөгү тоолуу аймактарында 10 см.ден ашык кар жаады. Жайлоого элдин көчүп барганына 10 күндөн эми эле өткөн. Ошол аралыкта да күндө эле жаан жаап, жайлоочуларды жүдөтүп келет. Акыры карлады. Эл мындай аба ырайында жылкы учуп, мал от таппай калат деп кыжаалат болоору белгилүү. Бирок ошентип Кара-Кулжа районундагы тоолуу аймакка кар жааганы менен 4 саатка жетпей, ээрип кетти.

27-июндан 28-июнга караган түнү жааган жаан карга айланып, Алай районунда 20 см.ден өткөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, түнкү саат 03:40 чамасында баштаган кар 28-июнь күнү саат 12:35 чамасына чейин жаап, калыңдыгы 22 сантиметрге жеткен.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү жетекчилерге зарыл болгон чараларды көрүү максатында чукул жыйын өткөрдү. Адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМдин башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте тез арада алдын ала чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.

Түзүлгөн ыкчам топ Сары-Таш айыл аймагына барып, жайлоолордогу жарандардан кабар алышты. 28-июнда түштөн кийин күн тийип, карлар ээрий баштап, мал жайытка чыгарылган. Эгерде аба ырайы өзгөрүп, дагы кар жааса, мал жандыктарга тоют жеткирүү маселеси жаралаарын ӨКМдин Алай районундагы бөлүмүнүн башчысы Азиз Тагайбеков билдирди.

«29-июнга карата, Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрүндөгү түзөң жерлеринде кар ээрип кетти. Тоо этектеринде жана чокуларда гана калган. Учурда күн чайыттай ачык», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.