Соңку суткада 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 57 жана 67 жаштагы эки эркек бейтап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 60 жаштагы эркек бейтап, Чүйдөгү Москва аймактык ооруканасында 70 жаштагы эркек бейтап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 72 жаштагы аял бейтап көз жумду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5735 учур катталды. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.