Ош шаардык санэпидемстанциянын вирусология лабораториясында ПЧР-анализге керектелүүчү реактивдер (микропробирка) калбай калды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Өмүрзак Мырзалиевге шилтеме менен «Турмуш» сайты билдирди.
Ушул тапта Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда коронавируска тапшырылган анализдердин жыйынтыктары экспресс-тест менен аныкталууда.
«ПЧР-анализге керектелүүчү реактивдер качан келери белгисиз. Өзүбүз да издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө экспресс-тест менен иш алып баруудабыз. Вирус жукчу адамдарга жугуп, канына сиңип бүттү. Ошондуктан экспресс-тест менен да ооруну аныктоого болот. Кытайлар деле вирус тарагандан үч ай өткөндөн кийин экспресс-тест колдонуп башташкан», — деди Өмүрзак Мырзалиев.
Анын айтымында, 1753 кишинин анализи тоңдурулуп турат.
«Азыр ПЧР-анализ алынбай эле. Аны алып, кайра тоңдуруп койгондун кажети жок. Эгерде бизге микропробирка келсе, анализдерди алып, жыйынтыгын дароо чыгарганыбыз оң болот. Тоңдурулуп турган 1753 адамдын анализдеринин жыйынтыгы микропробирка келсе чыгат», — деп белгиледи Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы.
Эскерте кетсек, жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.