Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳтүүдө

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 11:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Кара-Суу райондук кеңешиндеги КСДП фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган.

Маалымат иретинде: Кара-Суу шаарынын мэри берген арызынын негизинде 2020-жылдын 4-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.

БШКнын 2020-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык шаардын жаңы мэрин шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалган.

Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 23-мартта токтотула турган.

Өзгөчө абал алынгандан кийин 29-июндан тарта жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 1-июль аныкталган

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык шаардын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ѳткѳрүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.