Дагы эки жеке лаборатория коронавируска текшерүү жүргүзөт

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 12:15
0 ой-пикир

Бишкекте Covid-19 инфекциясын аныктоого уруксат дагы эки жеке менчик лабораторияга берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, мындан ары шаардыктар Auqalab жана «Экспресс плюс» менчик лабораторияларына кайрылса болот.

«Auqalab жана «Экспресс плюс» плюс лабораторияларына ПЧР жана ИФА-тест жүргүзгөнгө уруксат берилди. ПЧР-анализдин баасы 1,6 миң сом болуп жатат. ИФА-тест боюнча экөөндө айырма бар», — деди Каратаев.

Белгилей кетсек, учурда коронавирусту аныктоо үчүн анализ негизинен мамлекеттик ооруканаларда жүргүзүлөт. Апрель айында мындай укук Бонецкий лабораториясына берилген. Анда ПЧР анализдин баасы 2400 сомдун тегерегинде.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.