COVID-19: MegaCom обсервацияларды акысыз байланыш камсыздады

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 11:52
0 ой-пикир

 MegaCom компаниясы коронавирус пандемиясына байланыштуу обсервацияларда жаткан жарандарды жана аларды дарылап карап жаткан дарыгерлерди колдоо максатында карантин жайларын 5 стационардык телефон менен камсыздады.

Алардын жардамы менен карантинде жаткан бейтаптар жана медицина кызматкерлери MegaCom түйүнүнүн ичинде 5 мүнөткө чейинки акысыз чалууларды аткарып жана келип түшкөн чалууларды чектөөсүз кабыл ала алышат.

Ошондой эле бул телефондордо КРдагы башка операторлордун номерлерин колдонгон жакындарыңыз кайра чалышы үчүн коңгуроо кылуу (маяк берүү) функциясы да бар.

«Эпидемиялык оор абалга байланыштуу MegaCom компаниясы обсервациялардагы медицина кызматкерлерин жана жарандарды байланыш менен камсыздоо чечимин кабыл алды. Биз абоненттерибизди баалайбыз жана бекем ден соолук каалайбыз», — деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.